«Жогорку Кеңеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу аракетинде мыйзамдык нормаларды бузуп жатат» деп билдирди бүгүн 18-июнда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Атамбаевди колдогон КСДПнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранова.
- Кандай жол менен болсо да депутаттар жайкы каникулга кеткенче Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга аракет кылып жатышат. Мөөнөттөр бузулууда. Биз эсептесек, кеминде 2-2,5 ай убакыт кетмек, - деди ал.
Ошондой эле Кодуранова Атамбаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамында ага «жеке таарынычы бар адамдар чогулган» деген пикирин айтты.
Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутундусун чыгарды.
Корутундуда демилгечи топтун кайрылуусунда көрсөтүлгөн тогуз айыптоонун алтоо боюнча Атамбаевден өзгөчө оор кылмыштар үчүн шек саноого жана укук тартибин коргоо органдары текшерүүсү абзел деп эсептөөгө негиз бар экени жазылды. Алар - журналисттерге койгон айыптары, Кой-Таштагы жер тилкеси, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу, «Ака Инвест» компаниясы, Бишкектин Жылуулук электр борборунун иши жана Бишкекке көмүр ташып келүү.
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 18-июнда корутундуну парламенттин жалпы жыйынына алып чыгууга макулдугун берди. (RK)