Өзгөндө миллион сомдук алтын уурдаган деп шек саналган беш киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөндө 1 млн. 380 миң сомдук алтын буюмдарды уурдаган деген шек менен беш киши кармалды. Алардын экөө мурда терроризм үчүн соттолгон.

28-март күнү Өзгөн шаарынын тургуну үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, 380 000 сом накталай акчасын жана 1 млн. сомдук зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирип, Өзгөн райондук милициясына кайрылган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө 29-майдан 11-июнга чейин бул ишке шектүү катары 5 киши кармалган. Алардын бири Өзбекстандын жараны, 59 жашта. Калганы кыргызстандыктар. Үчөө мурда Жазык кодексинин түрдүү беренелери менен соттолгон.

Сөз болуп жаткан шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүү учурунда зер буюмдары далил катары табылган. Учурда бул окуя Жазык кодексинин 200-беренесинин («Уурулук») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Өзгөн райондук соту аларды 2 айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Шектүүлөр Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. (MdN)