"Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден өч алып, каматуу эмес, анын ишмердүүлүгүнө тарыхый баа бергенибиз кыйла маанилүү" деди бүгүн 18-июнда Атамбаевдин кол тийбестигин караган депутаттык комиссиянын жыйынында сүйлөп жатып Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.
Өз сөзүндө ал 2010-жылдагы Конституцияда президенттин укуктары абдан кыскартылганын, бирок ошого карабастан Атамбаевдин тушунда андай чектөөлөр эч сезилбегенин, себеби мурдагы президент Баш мыйзамды сактабай иштегенин айтты:
- Акаев менен Бакиев Конституцияны пайдаланып чексиз укуктарга ээ болуп келген болсо, Атамбаев Конституцияны бузуп ошондой иштеди. Буга парламент да, биз өзүбүз да жол берип жаттык. Каршы чыккандарыбыздын тагдыры эмне болду? Азыр Атамбаевден өч алууга эмес, ага тарыхый баа бергенге аракет кылышыбыз керек. Ал укугун тебелеткендердин эркиндигин кайра кайтарып берүүгө умтулуубуз зарыл.
Депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысына тогуз бөлүмдөн турган оор айыптарды коюп жатат. Анын ичинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, коррупция, жерди мыйзамсыз трансформациялоо, акча адалдоо, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкордук жана башка кинелер бар.
Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн буруу» деп баалап жатат. (RK)