АКШ-Мексика: чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттар кармалды

Мексика менен чек арадан ашып түшүп жаткандар. 25-ноябрь, 2018-жыл.

Мексикадан жүк ташуучу машинелер аркылуу АКШга өтүп кетүүгө аракет кылган 800дөй мигрант кармалды. Алар негизинен Гватемала, Гондурас, Сальвадор мамлекеттеринин жарандары.

Кошмо Штаттар менен Мексиканын бийлик органдары 7-июнда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү туурасында макулдашкан. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Мексика АКШга мыйзамсыз жолдор аркылуу агылган мигранттардын жолун торобосо, анда бул өлкөдөн импорттолчу товарларга салык киргизерин билдирген жана маселени 45 күндүн ичинде чечүүнү талап кылган.

Мексика Гватемала менен чек арасын жабууга убада берген жана ал тарапка Улуттук гвардиянын алты миңдей жоокерин жөнөткөн. Вашингтон менен түзүлгөн соңку макулдашуу Мексика парламентинде талаш-тартыштарды жаратып, жыйынтыгында Улуттук миграция институтунун башчысы кызматтан кетүүгө аргасыз болду.