18-июнда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;
Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаашы күмөн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 31…33° болот.