«Элдик парламент» кыймылы Атамбаевди жоопко тартууну суранды

Бекболот Талгарбеков.

«Элдик парламент» кыймылынын мүчөсү Бекболот Талгарбеков өзү жана аны менен пикирлеш бир топ саясатчылар «мындан үч жыл мурун Алмазбек Атамбаевден отчёт талап кылганы үчүн камалганбыз» деп билдирди.

- Атамбаевдин тушундагы репрессия 1937-1938-жылдагы репрессиядан айырмасы жок. Болгону бир гана айырмасы бар. Азыр өлүм жазасы болбой калды. Эгер өлүм жазасы болгондо Атамбаев баарыбызды аттырып салып, «мен эч нерсе билбейм, муну прокурорлор, соттор кылыптыр» деп колун ушалап отурмак, - деди Талгарбеков.

Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов сыяктуу саясатчылар экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйынына катышып жатышат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өтүп жатат. Комиссиянын мүчөсү Талант Мамытов кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө демилге көтөргөн депутаттардын кайрылуусун окуду. Анда демилгечи депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевди оор кылмыш иштерине байланыштуу айыптап жатышат. Парламент 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга байланыштуу комиссия түзгөн. Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) юристи Нурбек Касымбеков кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирген. (BTo/TSh)