Нарын Айып: Атамбаевдин буйругусуз журналисттерге иш козголбойт болчу

Иллюстрациялык сүрөт.

Атамбаевдин тушунда бийликтин басымы болмоюнча соттор «Zanoza.kg» басылмасына каршы миллиондогон доо арыздарды канааттандырбайт болчу. Мындай пикирин бүгүн, 17-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйынында сүйлөп жатып журналист Нарын Айып билдирди.

Ал басылманын өзү жана журналисттерге карата козголгон иштер, алардын жүрүшү жана чыккан чечимдер тууралуу маалымат берип, аларга Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси болгонун белгиледи:

- Башкы прокурор Жолдубаева Атамбаевдин атынан сотко берип жатат. Анын буйругу болмоюнча башкы прокурор сотко бере албайт болчу.

2017-жылы Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча башкы прокурордун арызына ылайык «Zanoza.kg» сайтынан эле жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан.

Бирок кийин Атамбаев бийликте турган кезинде журналисттерди сотко бергенине өкүнөрүн билдирген. (RK)