Сын айткан жаш адис министрге кеңешчи болуп дайындалды

Нурсултан Кубанов.

«Перспектива» билим берүү борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Мекеменин маалыматына караганда, ал эл аралык кызматташтык үчүн жооптуу болот.

Жакында Кубанов министрликке кайрылып, бул тармакта реалдуу реформа болбой жатканын сындаган. Ал Кыргызстандын Билим берүү министрлиги 24 жылдан бери алты эле мамлекетке бюджеттик негизде окууга жөнөтөрүн белгилеп, Казакстан 20дан ашык чет өлкөгө студенттерин жибергенин мисал келтирген.

27 жаштагы Нурсултан Кубанов чет өлкөгө окууга жөнөтүү боюнча долбоорлор менен иш алып барат. (TSh)