Бул тууралуу Баткен районунун прокурорунун өлүмүнө байланыштуу шек саналып жаткан Мелис Калыков 17-июнда сот отурумунда билдирди. Ал бул иште күбө катары көрсөтмө берип жаткан Арсланбек Байбосуновго суроо берип жатып, өзүн коркутуп-үркүтүп, «облустук прокурорду мындай кылган соң сени жөн эле жок кылам» дегенин айтты.
Калыков Байбосуновду облус прокурорунун өлүмүнө түздөн-түз тиешеси бар, аны өлтүрүүнү уюштурган деп айыптоодо. Ал бул дооматын президентке жана башкы прокурорго жазган кайрылуусунда да билдирген.
Ушул тапта күбө катары көрсөтмө берип жаткан Арсланбек Байбосунов бул дооматтардын баарын четке кагууда.
Баткен облустук прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу Ош шаардык сотунда өтүп жаткан отурум түштөн кийин уланат.
Бүгүнкү жараянда Баткен облустук прокурорунун орун басары Арсланбек Байбосунов күбө катары көрсөтмө берди. Ал Анарбай Мамажакыпов өлөрдөн аз убакыт мурда аны менен тоого мергенчиликке чыккандардын бири болгон.
Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN)