Кыргызстанда быйыл картөшкө мурдагы жылга караганда 1,7 пайызга аз айдалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин соңку иликтөөсүндө айтылат.
Былтыр айдалган картөшкөнүн кыйласы сатылбай, ороолордо чирип кеткен. Дыйкандардын мээнети акталган эмес, көбү чыгымга учураган.
Мындай көрүнүш Айыл чарба, тамак-аш, өнөр-жай жана мелиорация министрлигинин ишине карата сын-дооматты күчөткөн.
Май айында министр Нурбек Мурашев кызматтан кеткен. Расмий статистикага караганда, Кыргызстанда жалпы элдин 60 пайызын дыйканчылык жана малчылык менен алектенген айыл калкы түзөт. (NT)