Судан: аскердик кеңеш демонстранттар кууп-таратылганын моюнга алды

Хартум, Судан. 3-июнь, 2019-жыл.

Суданда башкаруучу аскердик кеңеш коопсуздук күчтөрү башкалаа Хартумдагы демонстрациянын катышуучуларын аеосуз кууп-таратканын моюнга алды. "Associated Press" агенттиги билдиргендей, демонстранттарды таратуудагы мыйзам бузуулар иликтенип жатат.

Бир нече аскер кызматкери "аша чапкандык" үчүн камакка алынганын аскердик кеңештин өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка караганда, иликтөөнүн жыйынтыгы 15-июнда жарыяланышы мүмкүн.

3-июнда Хартумда Коргоо министрлигинин алдында отурган демонстранттарга карата аскерлер ок аткан. Демонстранттар бийликти армиянын колунан жарандык өкмөткө өткөрүүнү талап кылышкан. Окуяда 100дөн ашуун активист каза болуп, 700дөн ашууну ар кандай жаракат алышкан.

Узакка созулган нааразылык акцияларынан кийин быйыл апрелде мурдагы бийлик кулатылгандан бери Суданды он кишиден турган аскердик кеңеш башкарууда.