Молдовада Демократиялык партиядан көрсөтүлгөн премьер-министр Павел Филиптин өкмөтү отставкага кетип жатат. Бул тууралуу партиянын вице-президенти Владимир Чеботарь 14-июнда Кишинёвдогу маалымат жыйынында билдирди.
Ал партия Молдовадагы саясий кризисти курчутуп жибербөө үчүн мындай чечимге келгенин айтты.
Молдова парламенти февраль айындагы шайлоодон бери коалиция түзө албай койгондон кийин 7-июнда өлкөнүн Конституциялык соту парламентти таратууну жана жаңы шайлоо өткөрүүнү буюрган. Сот бул чечимин чыгарууда "парламентте коалиция шайлоо өткөндөн кийинки үч айдын ичинде түзүлүшү керек" деген мыйзамдык жобого таянган.
Бирок 8-июнда орусиячыл президент Игорь Додондун парламенттеги Социалисттик партиясы күтүүсүздөн европачыл ACUM блогу менен коалиция түзгөн. Аталган коалиция Майя Санду жетектеген өкмөттү түзгөн.
Бирок 9-июнда Конституциялык сот Сандунун өкмөтүн мыйзамсыз деп таанып, президент Додонду убактылуу кызматтан четтетип, Демократиялык партиянын өкүлү премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Павел Филипти президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Натыйжада Молдовада кош бийлик жаралган.
Филип парламентти тарткатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоону 6-сентябрга белгилеген болчу.