Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити Бишкек декларациясын кабыл алуу менен аяктады.
Мындан тышкары маңзат соодасына каршы күрөшүү, санариптешүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, айлана-чөйрөнү коргоо, гуманитардык маселелерди жөнгө салуу, туризм, айыл чарба тармактары боюнча кызматташтыкты камтыган макулдашууларга кол коюлду.
ШКУ катчылыгынын эл аралык "Астана" каржылык борбору, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы жана Европа экономикалык комиссиясы менен кызматташуу меморандумдары кабыл алынды. «ШКУ-Ооганстан» тобунун "жол картасы" боюнча чечимге кол коюлду.
Ал эми мекемелер деңгээлинде жалпыга маалымдоо каражаттары, дене тарбия жана спорт, саламаттыкты сактоо жаатындагы байланыштар тууралуу документтер да кабыл алынды. (BkA)