Орусия Шанхай кызматташтык уюмунда (ШКУ) төрагалык милдетти аркалоо учурунда Ирандын өзөктүк программасы боюнча саясий келишимдин аткарылышын талап кылууну улантат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин бүгүн, 14-июнда Бишкекте ШКУ саммитинде сүйлөп жатып айтты.
- Ирандын ядролук программасынын тегерегинде түзүлгөн кырдаал тынчсыздануу жаратууда. Бул пландан АКШнын чыгып кетиши аймакта кырдаалды дестабилдештирүү менен катар өзөктүк куралды жайылтоо режимин үзгүлтүккө учуратуу коркунучун да жаратууда, - деди Путин.
2019-2020-жылдары ШКУдагы төрагалык милдет Орусияда болот.
2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге Франция, Орусия, Кытай, Германия, АКШ жана Британия кол койгон. Ал келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, анын ордуна Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган. Бирок Трамп 2018-жылы майда келишимден чыгып жатканда анын шарттары Ирандын өзөктүк куралын чектебей турганын билдирген жана Иранды «аймактагы согушкерлерди колдойт» деп айыптаган.
2018-2019-жылы ШКУда төрагалык Кыргызстанда болду. (RK)