Тажик президенти Эмомали Рахмон Бишкекке келди

Эмомали Рахмон Бишкекке учуп келди. 14.06.2019

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан аны Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Бүгүн, 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.

Ага Кыргызстандан тышкары Индия, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан жана Тажикстан мамлекеттеринин жетекчилери катышат.

Ошондой эле уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген.

Саммиттин соңунда 30 документке кол коюлат.

11 өлкөнүн лидерлери катышып жаткан саясий иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө.

13-июнда коноктордун урматына Улуттук филармонияда гала-концерт өттү. (RK)