Казакстан: митингге катышканы үчүн 950 адам айыпка жыгылды

Казакстандагы кармалгандардын бири. 12-июнь, 2019-жыл.

Нур-Султан жана Алматы шаарларында мыйзамсыз митингдерге катышканы үчүн сот 957 адамды административдик жазага тартты.

Алардын ичинен 670 адам 6 күндөн 15 күнгө чейин камакка алынды, 115 адам айып төлөдү. 172 адамга эскертүү берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коомдук кызыкчылыктарды коргоо боюнча кызматынын жетекчиси Сапарбек Нурпеисов билдирди.

Казакстанда уруксат берилбеген митингдер 9-июнда, мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо күнү, андан кийинки эки күн бою өткөн. Бир эле күндө полиция 700гө жакын адамды камакка алган.

Митинг маалында кармалгандардын соту чукул тартипте, адвокаттардын катышуусуз өткөнүн алардын жакындары билдиришти.

9-июнда өткөн кезексиз шайлоодо Касым-Жомарт Токаев 70 пайыздан ашык добуш алып жеңишке жеткен. Экинчи орунда оппозициялык саясатчы Амиржан Косанов, үчүнчү орунда Дания Еспаева турат.

Оппозициянын өкүлдөрү жана эркин байкоочулар шайлоодо мыйзам өтө көп бузулганын, Токаевдин пайдасына бюллетендер уучтап ташталганын билдирип жатышат.

Бул – Казакстанда өткөн алтынчы президенттик шайлоо. Буга чейинки шайлоолор 1991, 1999, 2005, 2011 жана 2015-жылдары өткөн. Үч жолу мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгон. Бардык шайлоодо Нурсултан Назарбаев жеңүүчү болуп келген. Батыш байкоочулары Казакстандагы шайлоо бир да жолу эл аралык стандарттарга жооп берген эмес деп эсептешет.