Имамдарга нике каттоо журналы тапшырыла баштады

Муфтий Максатбек Токтомушев нике каттоо журналдарын тапшырды. 12-июнь, 2019-жыл.

Кыргызстандын имамдары баш кошкон жубайларга нике кыйса мындан ары нике каттоо журналына жазууга милдеттүү болот. Муфтий Максатбек Токтомушев бүгүн 12-июнда Бишкек жана Чүй облусундагы имамдарга нике каттоо журналдарын тапшырды.

Муфтий шарияттык никени катташ үчүн дин кызматкерлери үйлөнүп жаткандардын паспортун талап кылып, 18 жашка толгондорго гана нике кыя аларын эскертти:

- Эки жыл мурда мыйзам кабыл алынган. Имамдарга 18 жашка чыга электерди билбей никесин кыйып коюп, камалып кетпесин деп эскертүү берилген. Биз да силерге ошол талапты буйрук иретинде жеткиргенбиз.

Журналдын негизинде квартал сайын муфтиятка катталган нике тууралуу отчет берилип турат.

3 миң нуска менен басылып чыккан журналдар 12-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы имамдарга окутуу иштери жүргүзүлгөндөн кийин тапшырылат. (RK)