Акыйкатчы Токон Мамытов 12-июнда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянованын камалышы боюнча билдирүү таратты. Ал Бишкек шаардык сотуна кайрылып, Салянованын кичинекей кызын, жүрөк оорусун эске алуу менен аны үй камагына чыгарууга чакырды. Мамытовдун кайрылуусу Бишкек шаардык сотунун чечимине чейин жарыяланды. Мындан тышкары маалыматта акыйкатчы тергөө абагында Аида Саляновадан кабар алганы, ал барган учурда мурдагы башкы прокурор жүрөгүнө байланыштуу медициналык бөлүмдө болгону жана ага "Тез жардам" чакыртылганы айтылат. Ошондой эле Салянова кыйноо болбогонун жана абактын кызматкерлерине карата эч кандай арызы жоктугун билдиргени кабарланды.
Шаардык сот бүгүн Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын доо арызын карап, аны камакта калтырган. Муну менен мурдагы инстанциянын чечими өзгөртүлгөн эмес.
5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча 3-июнда 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Акыркы күндөрү Саляновага №1 тергөө абагында коркутуу, кысым болуп жатканын анын адвокаттары, партиялаштары айтып жатышат. Ошондон улам алар мурдагы депутаттын бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылып келишкен. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул айтылгандарды четке каккан. (NT)