Жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын 30 пайызын бир жыныстын өкүлдөрү үчүн резервге коюу боюнча мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү. Документти Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бүгүн, 11-июнда талкуулады. Биринчи окуу 23-майда өткөн.
Эми мыйзам долбоору жалпы сессияда каралышы керек.
Буга чейин укук коргоочулар айылдык кенештерде мандаттарды аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоого чакырган маалымат өнөктүгүн башташкан.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына «башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30 пайыз аялдар же эркектер иштеши керек» деген норма кирген. Бирок бул талап дээрлик эч кайсы органдарда аткарылбай жатканы айтылып келет.
Расмий маалыматтарга караганда, жергиликтүү кеңештерде депутат аялдар 11 пайызды түзөт. Бул Кыргызстандагы 453 айылдык кеңештин 86сында бир да аял депутат жок дегенди түшүндүрөт.