Европа Биримдигинин Тажикстандагы миссиясы Дүйшөмбү шаарында 10-июнда болгон окуя боюнча билдирүү таратты. Анда бул уюм «ар бир жаран көз карашын эркин жана тынч билдирүүгө укугу бар» деген көз карашта экени жазылган.
Тажик баш калаасында 10-июнда ондогон жарандар Евробиримдик менен БУУнун өкүлчүлүктөрүнүн жанына чогулуп, белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровду абактан бошотпоону талап кылышкан.
Адвокат 2015-жылы күзүндө көз боёмочулукка жана жалган документ жасоого байланыштуу айып менен кармалган. Анын алдында Ёров өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын ошол кезде тергөөгө алынган мүчөлөрүн коргоону чечкен. Кийин ага каршы дагы бир нече берене боюнча иш козголуп, жалпысынан 28 жылга кесилген.
Эл аралык укук коргоочу уюмдар Ёровду абийир туткуну деп эсептешет жана аны боштондукка чыгарууну талап кылышууда.