Чуулгандуу «КТ Мобайл» компаниясына жаңы директор дайындалды

«Мегаком» ишканасы.

«КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомуна директор болуп Мураталы Жакыпов дайындалды. «Кыргызтелеком» ишканасы билдиргендей, мындай чечим башкармалыктын 10-июнундагы жыйынында кабыл алынды. Директордун орун басарлары азырынча дайындала элек. Мураталы Жакыпов мурда «Кыргызтелеком» ишканасында иштеген.

«КТ Мобайлдын» тегерегинде ызы-чуу быйыл майдын башында чыгып, алгач компаниянын жетекчилери чоң суммада маяна алып келгени тууралуу маалымат катуу талкууга түшкөн.

Кийинчерээк премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы, «Ачык өкмөт» улуттук форумунун кызматтан кеткен катчысы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар компаниянын директорунун орун басары болуп иштегени ачыкка чыгып, сынга алынган.

17-майда компаниянын директору Нурбек Мукамбетов менен анын орун басарлары иштен кеткени белгилүү болгон.

Иманкадыр Рысалиев уулу 30-майда беш айда алган маянасын кайтарганын, анын суммасы 787 620 сомду түзгөнүн жарыялады. ​

Талаш-тартыш жараткан «КТ Мобайл» - 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон.​

Майдын башында депутаттык комиссия түзүлүп, «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтеп жатат.​ (NT)