Кыргызстанда «Global Network Summit-2019» иш-чарасы өтүп жатат

«Global Network Summit-2019» иш-чарасынын Интернеттеги сайты.

Кыргызстанда 8-июнда башталган «Global Network Summit-2019» иш-чарасынын катышуучулары өсмө илдетин жеңген балдар менен бирге спорттук оюндарды ойноп, алар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Аталган саммитти уюштуруп жаткан Кыргызстандагы Борбор Азиялык лидерлик альянсы Сорос фондунун жана АКШдагы Кыргызстандын мурдагы элчиси Кадыр Токтогуловдун жардамы менен 2017-2018 жылдары Онкология борборуна жана Улуттук балдар ооруканасына дары-дармек жана керектүү медициналык жабдыктарды жөнөткөн.

Бир күн мурда аталган альянс эл аралык IT форум өткөрүп, ага ар кайсы мамлекеттердеги 80дей ири компаниялардын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандагы IT тармагын ишенимдүү өнөктөш катары таанытуу, дүйнөлүк ишкер чөйрө менен байланышты бекемдөө максатын көздөгөн иш-чарага АКШ, Германия, Британия, Тунис, Малайзия, Израил, Сауд Арабиясы баш болгон бир катар мамлекеттерден жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн 80ден ашуун жетекчи-адистер, инвесторлор катышты.

«Global Network Summit-2019» иш-чарасы 18-июнга чейин уланат.