G-20: Дүйнөлүк экономика жыл соңунда көтөрүлөт

«Чоң жыйырмага» кирген мамлекеттердин соода жана финансы министрлеринин, банк жетекчилеринин эки күндүк жыйыны Фукуока шаарында өттү. 9-июнь, 2019-жыл.

«Чоң жыйырмага» кирген мамлекеттер ушул жылдын аягында дүйнөлүк экономиканын деңгээли өсөрүн боолголошуп, бирок АКШ менен Кытайдын ортосундагы «соода согушу» буга тоскоолдук кылышы мүмкүн экенине тынсызданышууда.

Жапониянын финансы министри Таро Асо 8-июнда журналисттерге «Кытай менен АКШ ортодогу соода талашын чечип алышса, дүйнөлүк экономика ушул жылдын экинчи жарымында көтөрүлөрүн» билдирди. Ал мындай билдирүүнү Жапониянын Фукуока шаарында өткөн «Чоң жыйырмага» кирген мамлекеттердин соода жана финансы министрлеринин, банк жетекчилеринин эки күндүк саммитинен кийин жасады.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин бул маселени ушул айдын соңунда Осако шаарында өтө турган «Чоң жыйырманын» саммитинде талкуулашарын айтышкан.

Эки державанын ортосундагы соода талаш дүйнөлүк экономиканын өсүүсүн 0,5% кыскартуу коркунучу бар экенин буга чейин Эл аралык Валюта Фондунун башчысы Кристина Лагард да эскерткен.