Москвада полиция кызматкери өзбек жаранын атып салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада полиция кызматкери кылмышка шек саналып кармалган өзбекстандык жаранды сурак учурунда атып алды.

РБК агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып, билдиргендей, маркум тартип сакчысынын табелдик куралын алып, терезеден качып кетүүгө аракет жасаган.

Окуя 7-июнга караган түнү болгон. Шектүү мас абалында жол эрежесин бузганы үчүн кармалганы айтылууда.

Анын тек-жайы такталып, Өзбекстанда издөө салынган адам экени расмий кабарланды. Kun.uz сайты Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги кабарды тастыктаганын, тактоо иштери улантылып жатканын жазды.