Экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу камоолор Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун тегерегиндеги кеп-сөздөрдөн элди алагды кылуу максатында уюштурулуп жатканын айтты.
8-июнда Бишкектеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясы жемкорлукка каршы уюштурган митингде сүйлөгөн сөзүндө Аида Салянованын камалышы да негизсиз экенин билдирди:
"Атамбаев президент кезинде Батукаевди боштондукка чыгаруу үчүн акча сураган, дегенге ким ишенет? Атамбаев бирөөдөн акча сураган эмес, дайыма өзү акча берип келген. Балким Сооронбай Жээнбеков акча алууга аралашкан болушу мүмкүн. Мага каршы көрсөтмө алабыз деп бейкүнөө адамдарды камап жатышат. Атаханов, Салянова, Рысалиев... Салянова жөнүндө айтсам, ал мени бир канча жылдан бери шыбап келет. Бирок мен анык айта алам, ал бул кылмышка такыр тиешеси жок. Бул жерде Турсунбек Акун баштаган айрым кишилер акча иштеген болушу мүмкүн, бирок Салянова эмес. Мен аны билем, акчаны анын күйөөсү табат".
Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кармалган. 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камалган.
Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Батукаев бошотулган учурда Салянова баш прокурор болгон. Атаханов вице-премьер, Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик комитетин башкарган, Турсунбек Акун акыйкатчы эле. (SE)