"Саратовские авиалинии" компаниясына таандык Ан-148 учагы кабылган кырсыкты иликтөөнүн натыйжасында Орусиянын жарандык авиациясынын 550 учкучу иштен бошотулду. Учкуч даярдаган эки окуу борбору жабылып, алар берген 160 күбөлүк жараксыз деп табылды. Бул тууралуу башкы прокурор Юрий Чайка Мамлекеттик думага 7-июнда берген баяндамасында айтты.
Ан-148 учагы 2018-жылдын февралында Москвадагы Домодедово аэропортунан асманга көтөрүлгөн кезде кулап, борттогу 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү каза тапкан.
Кырсыкты иликтеген комиссия учкучтардын шалаакылыгы ага себеп болгонун айткан.
"Boeing" компаниясынын божомолуна ылайык, Орусияга жана КМШга мүчө мамлекеттерге алдыдагы 20 жыл ичинде 27 миң учкуч керек.
АКШда жана Европада учкучтар жеке менчик окуу жайларда окушат.
Орусияда жүргүнчү ташыган учкучту башкарууга уруксат берген Жарандык авиация институ бар, ал Челябинскиде жайгашкан.