Дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу “Азаттык” радиосу топтогон эскерүүлөр “Айтматовдун элдеги элеси” деген ат менен китеп болуп басылып чыкты. Китептин бет ачары бүгүн, 7-июнда радионун Бишкек бюросунда өтүп жатат.
“Азаттык” радиосу 2018-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата ал мураска калтырып кеткен баалуулуктарды жайылтууга салым кошуу максатында “Мен билген Айтматов” аттуу онлайн сынак жарыялаган.
Бир жыл ичинде конкурстун кат куржунуна жүздөн ашык эскерүү баяндар, блогдор келип түшүп, алардын дээрлик бардыгы “Азаттыктын” сайтына жарыяланып турган.
Китепке ошол чыгармалардын мыкты деп тандалып алынгандары, Чыңгыз Айтматовду эл арасында көргөн, качандыр бир кезде жолуккан адамдардын эскерүүлөрү киргизилди.
Жыйнакта буга чейин айтылбай келген Чыңгыз Айтматовдун убагында Кыргыз ССРинин Баш мыйзамын даярдоого катышканы, анын кыргызча текстиндеги “Мекен” деген ыйык сөздү орусча “Родина” менен алмаштырууга каршы турганы да жазылган.
Китеп дүйнөлүк жазуучуну аздектеген замандаштарга, адабият сүйүүчүлөргө, Айтматов таануучуларга, студенттерге, окуучуларга арналат. Китеп 1000 нускадан турат.
“Айтматовдун элдеги элеси” – “Азаттык” радиосу чыгарып жаткан төртүнчү китеп. Буга чейин маркум Азамат Алтайдын өмүр баянына арналган "Азаттык жана демократиянын жарчысы", “Үркүн – 100: кылымдар унутулгус кыргын”, “Улан Эгизбаев: Чындык деп жанган өмүр” китептери жарык көргөн. (ZA\ErN)