Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарында жүргүнчү ташыган автобус жол кырсыгына учурап, кеминде 17 адамдын өмүрү кыйылды.
Дубайдын полициясы маалымдагандай, окуя 6-июндун кечинде болду.
Оман өлкөсүнүн мамлекеттик номуру тагылган автобуста 31 турист бараткан. Алар кайсы өлкөнүн жарандары экени азырынча маалымдала элек. (RK)