Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-июнга чейин баш калаанын негизги көчөлөрүндө митинг жана нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салды.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, каалоочулар мындай иш-чараларды Максим Горький атындагы гүлбакта өткөрсө болот.
Бул чечим Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитин өткөрүүгө камынып жатканына байланыштуу кабыл алынды.
14-июнда Бишкекте аталган уюмдун президенттеринин кезектеги жыйыны өтөт. ШКУга Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. (RK)