Орусия-Кытай мамилеси «азыркыдан да жогору деңгээлге» чыкмай болду

Владимир Путин жана Си Цзиньпин.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эки өлкө ортосундагы алака-катышты «азыркыдан да жогорку деңгээлге» көтөрүүнү макулдашты.

Кечээ, 5-июнда Кытайдын башчысынын Москвадагы үч күндүк сапары башталды.

Орус лидери Путин кытайлык делегациянын курамында маанилүү мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери бар экенин белгиледи.

- Бул көрүнүш сиздин иш сапарыңызды конкреттүү жана эки тарапка тең түшүнүктүү мазмунга толтуруп, ортодогу келишимдерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт, - деди Путин.

Орус-кытай мамилеси учурда эң жогорку деңгээлде болуп турат.

Эки өлкө бир катар эл аралык маселелер боюнча бирдей позицияда. (RK)