Төмөнкү Орок айылындагы чыр-чатакты милиция жөнгө салууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулук районундагы Төмөнкү Орок айылында жарандар ортосундагы чыр-чатакты жөнгө салыш үчүн милиция кызматкерлери иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев маалымдады.

Анын айтымында, аталган айылда балдар мушташа кетип, арты чырга айланган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Милиция чыр-чатакта улут аралык белги жок экенин билдирүүдө.

«Kaktus Media» Интернет сайтынын түз эфиринде Төмөнкү Орок айылында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзү баш болуп жүргөнүн көрүүгө болот. Милиция автобустарга айрым жергиликтүү тургундарды салып кетип жатканы айтылууда. (TSh)