Украина: жикчилдер менен атышууда үч жоокер мерт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен кагылышууда үч жоокер набыт болуп, бери дегенде үчөө жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги билдирди.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, жикчилдер пулемёт менен аткылап, танкка каршы ракеталарды, снайпердик куралдарды жана гранатомётторду колдонгон. «Жикчилдер элдешүү эрежесин 24 сааттын ичинде 16 жолу бузду» деп билдирди министрлик.

Украинанын куралдуу күчтөрү бери дегенде бир жикчилди өлтүрүп, дагы бирин жарадар кылганы кабарланды.

Украинанын чыгышындагы жаңжал 2014-жылы, москвачыл президент Виктор Янукович бийликтен кулатылып, Орусия Крым жарым аралын басып алгандан кийин тутанган. Натыйжада Украинанын Луганск жана Донецк аймактары Орусия колдогон жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн. Куралдуу кармаштан беш жыл ичинде 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.