Дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу баяндама чыкты

Америкалык «Freedom House» өкмөттүк эмес уюму дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу жылдык баяндамасын жарыялады. Баяндаманын авторлору авторитардык режимдерде сөз эркиндиги менен күрөшүүнүн жаңы ыкмалары пайда болуп жатканын белгилешет.

Орусияда «Телеграмм» мессенжерине бөгөт коюу аракети байкалган. «Бийлик каршылык көрсөткөндөрдүн оозун басуу аракетин улантууда. Себеби алардын жалпыга маалымдоо каражаттарындагы үстөмдүгүн жок кылуу аракети көп мыйзам бузууну ачык көрсөтүп коюшу ыктымал. Орусиялыктардын төрттөн бири гана журналисттерге ишенгени кырдаалды татаалдаштырып жатат», - деп эсептешет авторлор.

Баяндаманын өзүнчө бөлүгү Кытайдын бийлиги жүргүзгөн саясатка арналган. Уюмдун баамында, Кытай бийлиги дүйнөлүк маалымат өнөктүгү аркылуу өлкөнү жакшы жагынан көрсөтүүгө аракеттенип жатат. Бул өнөктүктүн алкагында Шинжаңдагы адам укуктары бузулбаганы тууралуу жалган маалыматтар таратылып жатат.

«Freedom House» авторитардык режим өкүм сүргөн өлкөлөрдө гана эмес, демократиялык деп эсептелген мамлекеттерде да сөз эркиндиги коркунучта деп эсептейт. Мисалы, Венгрияда жана Сербияда бийлик ар кандай шылтоо менен оппозициялык медианын ишине бут тосууда.

«Freedom House» уюму АКШдагы кырдаалга да тынчсыздануусун билдирди. Буга президент Дональд Трамптын журналисттерге кылган мамилеси себеп болууда. АКШнын Конституциясы журналисттерге күчтүү кепилдиктерди берет. «Бирок президенттин билдирүүлөрү жарандардын медиага ишенимин жоготуу процессин тездетип жатат» деп айтылат баяндамада.