Митингге үндөгөн активист УКМКга сурак берип чыкты

УКМК.

Жарандык активист Канат Мидин уулу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты.

«Фейсбуктагы» баракчасындагы видеокайрылууда ал: «Баары жакшы. Менин айткандарым боюнча филологиялык экспертиза жүрүп жатыптыр. Митингдерди, жүрүштөрдү өткөрүү - биздин конституциялык укугубуз. «Адилет» клиникасына адвокат бергени үчүн рахмат» деди.

Активист 31-майда «Фейсбук» аркылуу кайрылуу таратып, коррупцияга каршы күрөш жүрбөй жатканы үчүн президентти, парламентти жана өкмөттү айыптап, «эгер бул маселе чечилбесе, керек болсо алардын кызматтан кетишин талап кылыш керек» деген. Анын бул кайрылуусун миңге жакын адам бөлүшкөн. (RK)