Владимир Зеленский биринчи чет элдик сапарын Брюсселден баштады

Владимир Зеленский.

Ал 4-июнда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугуп, НАТО-Украина комиссиясынын жыйынына катышат.

Түндүк Атлантикалык Альянс тараткан маалыматка караганда, Зеленский Украинанын чыгышындагы коопсуздукту камсыз кылуу жана согушту токтотуунун жолдору боюнча эл аралык аракетти күчөтүү маселелерин талкуулайт.

НАТО-Украина комиссиясы Киев менен уюмдун ортосундагы кызматташтыкта негизги орунду ээлейт.

Зеленский Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер жана Польшанын президенти Анджей Дуда менен да жолугушат.

Саясатта тажрыйбасы жок актер жана куудул Владимир Зеленский 20-апрелде президенттик шайлоонун экинчи турунда өлкөнү беш жыл башкарган Петро Порошенкону утуп чыккан.