Камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын апасы Майрам Жусупова кызынын күнөөсү жок экенин билдирип, президентке кайрылды. 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал ишти терең иликтеп, калыс кароону суранды.
Ушул тушта сотто Аида Салянованын бөгөт чарасы каралганы жатат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу 3-июндун кечинде кармалып, 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакка алынган.
Сот имаратына Салянованын тарапкерлери да чогулду. Ал мүчө болгон «Ата Мекен» партиясындагылар жана адвокаттары үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргени турушат.
Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттыкка» айткан.
Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады. Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. Буга чейин да бир катар аткаминерлер жана мамлекеттик кызматкерлер Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган. (SE)