Момбеков: Саляновага кылмыш ишин козгоодо Баш мыйзам бузулду

Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Саляновага карата кылмыш ишин козгоодо Баш мыйзамдын беренелери бузулду. Бул тууралуу парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамдын беренелери боюнча мурдагы башкы прокурорду жазык жоопкерчилигине тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек болчу. Бирок депутаттардын макулдугу бүгүнкү күнгө чейин алынган жок.

- Баш мыйзамдын 74-беренесинин 4-главасында, «Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жөнүндө» берененин экинчи бөлүгүндө башкы прокурорду дайындоого президенттин сунушу менен парламент макулдук берээри, жазык жоопкерчилигине тартууга да макулдук берээри жазылып турат. Аида Жеңишбековага козголгон кылмыш иши анын башкы прокурор болуп турган кездеги кыймыл-аракети менен байланыштуу болуп жатпайбы. Ошол жактан алып караганда, Баш мыйзам бузулду.

Рыскелди Момбеков мурдагы башкы прокурорго милициянын жөнөкөй тергөөчүсү кылмыш ишин козгогонун, Баш мыйзам көңүл сыртында калганын кошумчалап, муну «кооптуу прецедент» катары мүнөздөдү.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ушул тушта Аида Салянованын бөгөт чарасы каралганы жатат. Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу 3-июндун кечинде кармалып, 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Партиялаштары жана адвокаттары аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргени турушат.

Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттыкка» айткан.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады. Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. (NT)