Камактагы Саляновага «Тез жардам» чакыртылып, жүрөгү текшертилди

Аида Салянова.

Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурган Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Саляновага бүгүн, 4-июнда «Тез жардам» чакыртылып, кардиологдор тобу анын жүрөгүн текшерди. Жыйынтыгында дарыгерлер Салянованын «жүрөгүнө коркунуч жок» деген тыянакка келишкен. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, аталган борбордун кызматкерлери Салянованын абалынан бүгүн эртең менен кабар алышкан.

Убактылуу кармоочу жайга кирип чыккан борбордун өкүлү Гүлбарчын Ормонбекованын айтымында, алгач терапевт-дарыгер Салянованы карап, анын жүрөгүн текшерүүнү сунуш кылгандан кийин милиция кардиологдор тобунан турган «Тез жардам» чакырган. Мурдагы депутат кармоо шартына жана кызматкерлерге карата эч кандай арыз-муңу жок экенин, бирок өзүн начар сезип жатканын билдирген.

- Салянова «кыйноо, катаал мамиле болгон жок» деди. «Кардиолог-дарыгер келсе» деген өтүнүчүн айтты. Кардиолог биздин көзүбүзчө келип, карады. Кардиограмма жакшы, таза чыкты. «Кабырга арасындагы невралгия» деп, ошого каршы дары жазып берди, - деди Ормонбекова.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ушул тушта Аида Салянованын бөгөт чарасы каралганы жатат. Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу 3-июндун кечинде кармалып, 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Партиялаштары жана адвокаттары аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргени турушат.

Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттыкка» айткан.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады. Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. (NT)