Шинжаңдык Сайрагүл Сауытбай Казакстандан чыгып кетти

Сайрагүл Сауытбай.

Казак улутундагы шинжаңдык Сайрагүл Сауытбай башпаанек ала албай үй-бүлөсү менен Казакстандан чыгып кетти. Адвокаты Айман Умарова 3-июнда «Фейсбукка» жазгандай, Сауытбай «дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бирине» өз турмушун куруш үчүн учуп кетти. Адвокат Бириккен Улуттар Уюмуна буга чейин Швециядан башпаанек алыш үчүн анын документтери жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Өткөн шаршембиде Талдыкоргон шаарынын апелляциялык соту Сауытбайдын миграциялык башкармалыкка жазган арызын кайра кароого жиберген. Былтыр жайында Сайрагүл кытай-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп айыпталган. Сотто ал Кытайга депортацияланса, өлүм жазасына тартыларын, себеби «саясий кайра тарбиялоо» лагеринде иштегендиктен Кытайдын бийлиги «мамлекеттик сырды шардана кылбоо» жөнүндө тилкат алганын айтып берген.

Коомчулук сот жараянына катуу көз салгандыктан, бийлик Сайрагүл Сауытбайды депортациялабай, алты айлык көзөмөлгө алган.

Октябрда казак бийлиги ага качкын статусун берген. Бирок башпаанек тууралуу арызды караган комиссия «анын Кытайда куугунтукка кабылганы далилденген жок» деп тапкан. Сайрагүл Сауытбай мындай чечимди талашып сотко кайрылган.