«British Airways» авиакомпаниясы Пакистанга түз каттамдарын кайра ачты.
Коопсуздук чараларынан улам рейстер 10 жыл мурда токтотулган. Алгачкы учак Лондондун Хитроу аэропортунан 2-июнда кечинде чыгып, бүгүн таңга жуук Исламабад шаарына жетип барары айтылды.
Улуу Британиянын Пакистандагы элчиси Томас Дрю бул күн эки мамлекет үчүн маанилүү экенин айтты.
«British Airways» 2008-жылы Исламабаддын «Marriott» мейманканасында жардыруу болуп, 50 адам каза тапкан окуядан кийин бул өлкөгө түз каттамдарын токтотуп койгон. (RK)