Кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаева химия боюнча Хансон атындагы медалга татыктуу болду. Эл аралык экстракциялык химия жана технология комитети тапшырган бул медал окумуштуулар арасындагы кадыр-барктуу сыйлык деп эсептелет.
Асел Сартбаева бул сыйлыкты «Вакциналар: Кансыз согуштун аякташы» деген эмгеги үчүн алган. Анда окумуштуу вакциналарды кантип жөнөкөй шартта кармоонун жолун сунуш кылган.
Кыргызстанда туулуп өскөн Сартбаева учурда Британияда жашайт. Ал Бат университетинин профессору. (BkA)