Түркмөнстанда ушул күндөрү шекер, күрүч жана өсүмдүк майын саткан мамлекеттик дүкөндөрдүн алдына адамдардын узун кезектери пайда болду. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысынын маалыматы боюнча 100дөн ашык адам кезек күткөн учурлар бар.
- Алардын арасында жаш баласын жетелеген аялдарды, кары-картаңдарды, өспүрүмдөрдү көрүүгө болот. Алар кезекке таң эртеден эле туруп жатышат. Шекер, күрүч жана өсүмдүк майы дүкөндөрдүн арткы «ууру эшиктери» аркылуу сатылып жатат, - деп билдирди «Азаттыктын» кабарчысы.
Маалыматка ылайык, учурда ар бир адамга килосун 8 манаттан (2,5 доллар) төлөп, 3 килограмм күрүч, 7 манатка (2 долларга жакын) 1 килограмм шекер сатып алууга уруксат берилди.
Ал эми жеке менчик дүкөндөрдө күрүчтүн баасы 20 манаттан, шекер килосуна 12 манаттан сатылууда. Базарларда азык-түлүктүн баасы кескин көтөрүлүп жатат.
Расмий бийлик өкүлдөрү эмне себептен азык-түлүккө чектөө киргизилгенин түшүндүрүшкөн эмес.
Түркмөнстанда акыркы эки жылдан бери күнүмдүк керектелчү негизги азык-түлүк товарларынын тартыштыгы байкалып жүрөт. Буга чейин бир нече жолу шекер, жумуртка, өсүмдүк майы, ун менен нан тартыш болуп, мамлекеттик дүкөндөрдүн алдына кезектер пайда болгон.