Коррупцияга каршы митингди Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө тыюу салынды

Рита Карасартова

1-Май райондук сотунун чечими менен 3-июнга белгиленген коррупцияга каршы митингди борбордук Ала-Тоо аянтында өткөрүүгө тыюу салынды.

Бул тууралуу жарандык активист Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 13-16-июнда Бишкекте өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчыларынын саммитине байланыштуу кабыл алынган.

Мындан улам Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга каршы митингди борбордук аянтта өткөрүүгө тыюу салып, акцияны Горький гүлбагында өткөрүүнү сунуш кылган.

Рита Карасартова соттун мындай чечиминен соң социалдык тармактар аркылуу митингге барам деген жарандар менен кеңеше турганын билдирди.

“Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» деген ураан менен тынч митинг өткөрүүнү Рита Карасартова 30-майда жарыялаган. Буга өлкөдөгү коррупциялык багытта бир нече жаңжалдын чыкканы түрткү болгону айтылган. (BkA)