Президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосу менен балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча «Тумар» улуттук кампаниясы башталды.
Бул балдарды коргоонун күнүнө арналып өтүп жатат. Өнөктүк алкагында иш-чара Бишкектеги Эски аянтта «Тушоо кесүү» жөрөлгөсү менен башталды.
Өнөктүк балдарды зомбулуктан коргоо, уруп-сабоого тыюу салуу жана ата-энелерге балдарды позитивдүү маанайда тарбиялоого чакыруу максатын көздөйт. Кампания жылдын аягына чейин улантылмакчы.
1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо да жолдоду.
Анда президент ар бир баланын татыктуу жашоого жана кеңири келечекке ээ болуу укугун камсыздоо – коом жана мамлекеттин негизги милдети экенин белгилеген.
Кыргызстанда соңку жылдары балдарга карата зомбулук фактылары абдан көп талкууланып, жарандык коом өлкө бийлигин чара көрүүгө чакырып келген. (BkA)