Президент Жээнбеков Ислам кызматташтык уюмунун саммитине катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабияга иш сапарынын жүрүшүндө Мекке шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитине катышты.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган саммит уюмдун түзүлгөнүнүн 50 жылдыгына арналып өтүп жатат.

Кыргызстан Ислам кызматташтык уюмуна 1992-жылы кошулган. Бирок 2011-жылы уюмдун уставына кошулуп, жогорку деңгээлдеги жыйындарына катышып келет.

Президент Жээнбеков Сауд Арабияга 31-майда барган. Сапардын жүрүшүндө аталган өлкөнүн падышасы Салман бин Абдел Азиз менен жолугары кабарланган.(BkA)