Жамангуловдун «Рысалиев мени коркутту» деген маалыматы боюнча иш козголду

Иманкадыр Рысалиев (солдо) жана Акылбек Жамангулов.

«Мегаком» ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангуловду «Ачык өкмөт» улуттук форумунун мурдагы катчысы Иманкадыр Рысалиев коркутканы боюнча маалыматка байланыштуу Башкы прокуратура иш козгоп, ал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул тууралуу Жамангулов «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын 31-майдагы жыйынында билдирди.

«Комиссиянын жетекчиси Курманкул Токторалыевичтин каты менен Башкы прокуратура иш козгоптур. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери келишти. Мен бардык нерселерди жазып бердим. «Арыз жазасыңбы?» деди. Иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталгандан кийин мен арыз жазбай эле коёюн дедим. Бирок кандай коркутуулар болгонун баарын жазып бердим. Мен эч ким менен кол алышып элдешкен эмесмин».

Буга чейин «Акылбек Жамангулов менен Иманкадыр Рысалиев элдешти» деген маалыматтар тараган.

Жамангулов 17-майда парламентте «КТ Мобайл» чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынында баяндама жасап жатып Иманкадыр Рысалиев аны өкмөткө чакырып, коркутуп-үркүткөнүн, «акча котор» деп мажбурлаганын билдирген. «Укук коргоо органдарына дайындап, каматам, түбүңө жетем» деген СМС билдирүүлөр бар экенин айткан.

Ал эми Рысалиев «Азаттыктын» Эксперттер талдайт берүүсүндө Жамангуловдун айткандарын «жалган» деп, дооматтарды четке каккан. (BTo)