Дастан Бекешев: Матраимовдор иштен кетип, «Азаттыктын» кабарчысы коргоого алынышы керек

Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «кызыкчылыктар кагылышы» деген божомолдорго жем таштабаш үчүн парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызматынан өз эрки менен кетиши керек. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Бекешев ошондой эле Финансы полициясынын тутумунда иштеген Ислам Матраимов да кызматын токтото турушу керек деп эсептейт.

«Башкы прокуратура «Азаттыктын» иликтөөсүндө келтирилген маалыматтарды Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тез арада иликтей баштоону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматына, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы), Финансылык чалгын кызматына жана Мамлекеттик бажы кызматына тапшырып, журналистти коргоого алышы керек» деп Бекешев өзүнүн жеке сайтына жазды.

29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов Мамлекекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз болгон.

Финансы полициясы баштапкы маалыматтарга таянып, ал миллиондор ири базарларда иштеген ишкерлердин импорттук акчасы экенин билдирди. (RK)