Тажик чек ара кызматынын мурдагы басма сөз катчысы кармалды

Тажикстандын Чек ара аскерлеринин мурдагы маалымат катчысы Мухаммаджон Улугходжаев “мамлекеттик чыккынчылыкка” айыпталууда. Эгер ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса, 15 жылдан 25 жылга чейин соттолот. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянуу менен жазды.

Бул ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Башкы прокуратура тергеп жатат. Укук коргоо органдары Мухаммаджон Улугходжаевди "кайсы бир чет элдик уюмга маалымат берген" деп айыптап, кылмыш ишине “жашыруун” деген белги коюшкан.

Маалыматтарда Мухаммаджон Улугходжаев 10-апрелде кармалган. Тажикстандын укук коргоо органдары анын кармалышы боюнча расмий маалымат тарата элек.

36 жаштагы подполковникти кесиптештери абдан жоопкерчиликтүү жана жигердүү адам катары сыпаттап жатышат.