Жанарбек Акаев: Өкмөт «Азаттык» козгогон маселе боюнча чечим кабыл алыш керек (видео)

Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган суммалар боюнча өкмөт чечим кабыл алышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламентте сүйлөп жатып айтты:

- Эки күн мурун «Азаттык» чыгарган маселе - 700 миллион доллар чыгып кеткени боюнча - баарыбыз дуулдап жатабыз, бирок чечимди өкмөт кабыл алышы керек да. Бул кимдин акчасы, кайдан келген, эмне болгон акча? Коомчулукта бул акча бир үй-бүлөнүкү, тагыраак айтканда, Матраимовдордуку деген сөз, талкуу кетти.

​29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз болгон.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) баштапкы маалыматтарга таянып, ал миллиондор ири базарларда иштеген ишкерлердин импорттук акчасы экенин билдирди. (BTo)​