Орусия Өзбекстанда атомдук электр станция курат

Айдаркөл. Өзбекстан.

Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Өзбекстанда атомдук электр станциянын (АЭС) курулушун баштоо планын ырастады.
Корпорациянын маалыматына караганда, курулушту 2020-2021-жылдары жүргүзүү максат кылынууда.

Бул үчүн Жизак облусунун Фариш районундагы Айдаркөлгө жакын жер тандалганын Орусиянын ТАСС агенттиги "Росатом" ишканасынын башчысы Алексей Лихачевго таянуу менен жазды. Орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин 29-30-майда Өзбекстанга болгон сапарында да бул маселе көтөрүлгөнү айтылды.

Өзбекстанда АЭС куруу маселеси өткөн кылымдын 80-жылдарынан бери көтөрүлүп келатат. Бирок жер силкинүү коркунучу жогору деген негизде артка жылган.

2017-жылы эки өлкөнүн өкмөттөрү Орусиянын «Росатом» корпорациясына курулушту баштоого уруксат берүү тууралуу макулдашкан.